Итеративдүүлүк

Википедия дан

Итеративдүүлүк (санскритчеден itera – башка) – метафизиканын фундаменталдуу принцинтерин четке кагуу үчүн Деррида тарабынан киргизилген түшүнүк. Итеративдүүлүк түшүнүгү кайталануучулукту чагылдырат жана төмөнкүдөй эки карама-каршы маанини шарттайт: 1) кайталануу мүмкүндүгү жана 2) альтерациянын мүмкүндүгү. Эреже катары кайталануу кайталанып жаткан нерсеге тең маанилештикти шарттайт. Итеративдүүлүк кайталануунун негизи болун саналат. Түшүнүктүн же кубулуштун тең маанилештиги анын структурасындагы өтөөр-кетээрликтин, төрөлүү-өлүмдүн болушун шарттайт. Бирок, өлүм, талкалануу объективацияны четке каккандыктан, түшүнүк же каалагандай шарттуу белги өлүм болбогондо деле өлүмдү нечен ирет кайталайт, б. а. өзүнүн өлүмүн симуляциялайт. Түшүнүктүн же кубулуштун биримдиги алардын чексиз кайталануучулугун шарттайт. Бирок, бул учурдун баардыгы тең тең маанилештирилген маңыздын өзү болбогондукка байланыштуу кайталоо реалдуу жашабаган нерсени кайталайт. Ошол эле учурда тең маанилештирилген маңыздын өзү болбогондукка байланыштуу ар бир кайталоо мурдагы кайталанган кайталоого караганда башка кайталоо болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]