Итерация

Википедия дан

Итерация - (лат. iteratio – кайталоо) – кандайдыр бир математикалык операцияны кайталап колдонуу. Эгерде у = f(x) = f 1(х)хтен функция болсо, анда f2(x)= f[f1(x)], f3(x) = f[f2(x)]..., fn(x) = f[fn-1(x)] функциялары f(x) функциясынын тиешелүү түрдө 2-, 3-, ..., n-итерациясы деп аталат, мисалы, f(x) = xa болсо, f(x)=(xa)axa2 келип чыгат. n индекси итерациянын көрсөткүчү, ал эми f(x) функциясынан f2(x), f3(x), ... функцияларына өтүү итерациялоо деп аталат. Функциянын кээ бир класстары үчүн каалагандай чыныгы жана ал түгүл комплекстик көрсөткүчтүү итерацияны аныктоого болот. Итерация ар түрдүү теңдемелерди жана алардын системаларынын жакындаштырылган чыгарылыштарын табууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]