Иттин түндөгү табышмактуу өлүмү

Википедия дан

"Иттин түндөгү табышмактуу өлүмү" (англ. The Curious Incident of the Dog in the Night-Time) - 2003-жылы жарыкка чыккан британиялык жазуучу Марк Хаддондун детективдүү романы. Чыгарманын аталышы Артур Конан Дойлдин 1892-жылы жарыкка чыккан "Күмүш жалыны" (англ. Silver Blaze) кыска аңгемесиндеги Шерлок Холмстун цитатасы келтирилген. Хаддондун "Иттин түндөгү табышмактуу өлүмү" романы Whitbread Book сыйлыгынын "Эң мыкты роман" жана "Жылдын эң мыкты китеби" номинацияларын, ошондой эле, Commonwealth Writers' Prize сыйлыгынын "Эң мыкты алгачкы романы" номинациясын жана Guardian Children's Fiction сыйлыгын уткан. Таң каларлык түрдө роман чоңдор жана балдар үчүн арналган басмаларда жарыкка чыгат.

Роман Суиндон (Уилтшир) шаарында жашаган, өзүн "кандайдыр бир жүрүм-турумдук кыйынчылыктарга дуушар болгон математик" деп сүрөттөгөн 15-жашаар Кристофер Иоанн Фрэнсис Бун атынан баяндалат. Кристофердин оорусу жөнүндө эч нерсе айтылбаса да, китептин басма жарыясында баланын Аспергер, жогорку функционалдык аутизм же савант синдромдорунун биринен убайым тартканы айтылат. 2009-жылдын июлунда Хаддон өзүнүн баракчасында китеби жөнүндө мындай деп жазган: "Иттин түндөгү табышмактуу өлүмү" Аспергер жөнүндө эмес...бул роман кандайдыр бир айырмачылык жөнүндө, жат киши болуу жөнүндө, дүйнөнү укмуштуу жана көрсөтүүчү жактан көрүү жөнүндө. Китеп кайсы бир өзгөчө оору жөнүндө эмес". Буга кошумчалап, жазуучу аутизм жана Аспергер синдромдорунун эксперти болбогонун айтты.

Китептин баптарын белгилеш үчүн биринин артынан бири келген сандар эмес, жөнөкөй сандар колдонулган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]