Мазмунга өтүү

Ичеги инфекциялары

Википедия дан

Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

Козгогучтардын булагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Козгогучтардын булагы — оорулуу же бактерия алып жүрүүчү кишилер, ал эми сальмонеллёздор пайда кылган жана адатта тамак-аштан ууланган сыяктуу оорулар айбандардан (үйдө багылган малдан, сууда сүзүүчү канаттуулардан) жугат. Микроорганизмдер бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралып (жер кыртышында, сууга, жашылчаларга, үй эмеректерине), чөйрөнүн шартына (температурасына, нымдуулугуна жана башка) жараша бир нече күндөн бир айга чейин жашай берет. Кээ бир азыктарда (сүт азыктарында, килкилдекте, фаршта жана башка) ыңгайлуу температурада алар тукумдап көбөйөт. Ал кир кол, үй-тиричилик буюмдары (сүлгү, оюнчук, идиш- аяк жана башка) аркылуу жугат. Тамак-аш азык- тары, көбүнчө жуулбаган жашылча, кайнатылбаган сүт, чала бышкан же куурулган эт жана ошондой эле ачык көлмөдөгү сууну кайнатпай ичүү же булганч көлмөгө түшүү оору жуктуруунун бирден-бир жолу болуп эсептелет. Жайында чымын ооруну таратууда белгилүү роль ойнойт. kupa

Ичеги-карын дарттарынын клиникалык белгилери ар түрдүү.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дизентерия болгон адам тамакка табити тартпай, башы, булчуңдары ооруп, алы кетет. Эти ысып, тез-тез ичи өтүп, бурап ооруйт, көбүнчө ириң, кан аралаш өтөт. Кээде жеңил ич өткөк түрүндө да өтүшү мүмкүн. Мындай учурда заңды бактериологиялык текшерүү менен гана диагноз коюуга болот. Жеткире дарыланбаган учурда Д. өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн, ошондуктан анын алгачкы белгилери билинер замат врач чакыруу зарыл. Адатта оорулуу ооруканага жайгаштырылат, бирок оору жеңил өтсө, үй шарты ыңгайлуу болсо (үйдө бала бакчага, яслиге бара турган балдар, ошондой эле тамак-аш жана ага байланышкан мекемелердин кызматкерлери жок болсо) үйдө дарыланууга уруксат берилет. Оорулуу үйдө дарыланса анын идиш-аяк, шейшептерин жана башка буюмдарын бөлүп коюп, үйдөгүлөрдөн оолак кармоо керек. Оорулууну баккан адам колун самындап таза жууп турууга тийиш. Бөлмөдө чымын болбошу керек. Оорулууну тез-тез жана аздан тамактандыруу зарыл; сүт, капуста, эт жана балыктын сорпо- сун, майлуу, куурулган жана татымалдары өткүр тамак-аш берүүгө болбойт. Тамак-аш суудан болуусу тийиш (эзиле бышкан күрүч, манна боткосу, эзилген быштак, үч күндүк кефир, илешкек сорполор). Мындай мүнөздөп тамак ичүү врачтын уруксаты менен гана өзгөртүлөт. Тамакты мүнөздөп ичүүнү 2 айдан кем эмес сактоо зарыл.

Ичкелтеде температура акырындап көтөрүлүп, бир нече күндүн ичинде 39—40°Сге жетет. Башы ооруп, уйку качат, ич катат же өтөт, эстен танышы да ыктымал. 8—10 күндөн кийин кызамык пайда болот. Оору кабылдап кетиши да мүмкүн.

Паратиф ич келтеге окшош, бирок жеңил өтөт. Ич келте менен ооруп айыккан киши ооруканадан чыккандан кийин 2—3 ай майлуу, куурулган жана татымалы өткүр тамак ичпей, диета сактоосу зарыл. Белок менен витаминге бай, жеңил сиңүүчү азыктар (майсыз эт же балыктан бууга бышырылган тамак-аш, быштак, кефир, жашылча-жемиш) сунуш кылынат.

Ичеги инфекциялары менен ооругандар диспансердик байкоодо болот. Оорунун алдын алуу үчүн өздүк гигиенанын, тамак-аш даярдоо жана сактоо эрежелерин билүү керек, жашылча, мөмө-жемиштерди жакшылап жууп, ачык көлмөлөрдөгү сууну кайнатып ичүү зарыл

  • Тамак-аштан уулануу
  • Эпидемияга каршы чара көрүү зарыл