Ичеги иштетүү

Википедия дан

Ичеги иштетүү - союлган малдын ичегилерин, ичеги сырьёсун алуу максатында иштетүү, б. а. ичегини таза жууп, кырындыларынан, майынан, былжырак челинен арылтуу; даярларын муздатып, иргеп, тутамдап байлоо; туздап консервалоо жана кургатуу.

Ичеги иштетүүгө малдын ичеги сымал кээ бир мүчөлөрүн (кызыл өңгөч, тарамыш, табарсык ж. б.) иштетүү да кирет. Иштетилген ичегилер көбүнчө колбаса (чучук) жасоодо кабык катары пайдаланылат, алардан комуз жана теннис кылдары, хирургиялык жиптер (кетгут) жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.