Ичинен күймө кыймылдаткыч

Википедия дан

Ичинен күймө кыймылдаткыч – цилиндрдин жумушчу көңдөйүндө отундун химиялык энергиясын механикалык жумушка айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Алгачкы газ Ичинен күймө кыймылдаткычын франциялык механик Э. Ленуар ойлоп тапкан (1860). Россияда О. С. Костович биринчи бензин карбюратордуу кыймылдаткычты түзгөн (1880). 1897-ж. Р. Дизель күйүүчү майдын кысылуусунан тутануучу кыймылдаткычты сунуш кылган. Ичинен күймө кыймылдаткыч суюк отун жана газ менен иштөөчү болуп бөлүнөт. Күйүүчү аралашманы цилиндрге үзгүлтүксүз берип туруу ыкмасы боюнча Ичинен күймө кыймылдаткыч 2 жана 4 тактылуу болот. Май менен абанын кошундусунан турган күйүүчү аралашманы даярдоо ыгына карата аралашманы сырттан жана ичтен даярдоочу кыймылдаткычтарга ажыратат. Карбюратордуу кыймылдаткычта аралашма сырттан даярдалып, электр учкуну менен тутанат, ал эми дизелдикте болсо ичтен даярдалып, цилиндрдин ичине кирген аба катуу кысылып, жогорку температурага жеткенде, ага бүркүлгөн күйүүчү май тутанат. 4 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин 4 түрдүү абалы (такты), башкача айтканда муунактуу валдын эки айланышы менен аяктайт: 1такт аралашманы соруу, 2-такт аралашманы кысуу, 3-такт кеңейүү (жумушчу жүрүш), 4-такт түтүн чыгаруу. 2 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин эки түрдүү абалы, башкача айтканда муунактуу валдын бир айланышы менен аяктайт. Энергияны өзгөртүү түрү боюнча поршендик, турбиналык (баралык), реактивдүү жана айкалыштырылган болот. Пайдалуу аракет коэффициенти 0,4–0,5. Ичинен күймө кыймылдаткыч. кеңири таралган кыймылдаткычка кирет жана айыл чарба машиналарында, самолёт, тепловоз, кемелерде ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]