Ички иштер органдары

Википедия дан

Ички иштер органдары – коомдук тартипти, инсандык жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучулук-тескөөчүлүк иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар. КРде КР ИИМ, ага баш ийген обулустук жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктары, транспорттогу бөлүмдөр, И. и. о-нын шаардык, райондук, шаардагы райондук, айылдардагы бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объекттер, окуу жайлар, мекемелер жана уюмдар КР И. и. о-нын бирдиктүү тутумун түзөт. И. и. о-нын түзүмүн КР Ички иштер министри аныктайт жана КР Өкмөтү бекитет.

Колдонулган адабияттар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]