Ички сөз

Википедия дан

Ички сөз

  • 1) адамдын өзүнө кайрылып, үн чыгарбай ичинен сүйлөөсү (көбүнчө өзүнүн иш-аракетин пландоо максатында);
  • 2) тышкы сөзгө өтүүнүн алдындагы сүйлөөнүн ички программасы;
  • 3) үнсүз артикуляциялык кыймыл менен ойду программалоо.

Ички сөздү иликтөө тил менен сөздүн, тил менен ой жүгүртүү формасынын, сөздү кабыл алуу маселесинин ортосундагы катышты изилдөөгө жардам берет. Ички сөздү тилчи, психолог, физиологдор изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.