Ички тропиктик конвергенция зонасы

Википедия дан

Ички тропиктик конвергенция зонасы – Түндүк жана Түштүк жарым шарларда пассат шамалдарынын (же пассат менен муссондун) кошулган жери, зонасы. Ал экваторго жакын (жылдын басымдуу мезгилинде экватордон бир нече градус түндүктө) жайгашып, жай мезгили келгенде жарым шарды карай (жүздөгөн кмге) сезон боюнча оошот. Ички тропиктик конвергенция зонасынын жазылыгы, экватордон алыс жайгашкан, кургактыкта жүздөгөн кмге кеңейип, океан бетинде ондогон кмге чейин кууштайт. Анда абанын жогорку температурасы, төмөнкү атмосфералык басым басымдуулук кылып, экватордук депрессияга жакын жайгашат. Ички тропиктик конвергенция зонасына сыдырым соккон шамал мүнөздүү, штиль болуп турат (жымжырт зона); айрым учурда абанын көтөрүлүү кыймылы, ошондой эле толкун сымал таралган куюндар калың булуттуулукту жана кара нөшөрдү пайда кылат. Тропиктик циклондордун көбү ушул зонага жакын жаралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]