Ички флексия

Википедия дан

Ички флексия – флективдүү тилдердеги морфемалык грамматикалык түзүлүштүн өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Үндүүлөрдүн сөз өзгөртүүчү жана сөз жасоочу маанилерге ээ болуу менен, өз ара кезектешүү - алмашуусу. Мындай көрүнүш, негизинен, индоевропа тилдеринин грамматикалык системасында, айрыкча, герман тилдеринде кеңири кездешет. Ички флексия сөздөрдү жана формаларды айырмалоонун бирден-бир көрсөткүчү болуп эсептелет. Кыргыз тилинде Ички флексия аз да болсо кездешет. Уңгуга айрым мүчөлөр уланганда уңгунун баштапкы формасы өзгөрүп, бузулуп кетет: Мен - мага - маа, сен - сага - саа, ал - ага - аа ж.б.у.с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4