Ичтин катуу кармоочу оорусу

Википедия дан

Ичтин катуу кармоочу оорусу — тезинен хирургиялык жардам талап кылынуучу ар түрдүү оорулар.

Буларга карындын жана он эки эли ичегинин жарасы, аппендицит, ичегинин түйүлүшү, боор жана өт жолдорунун оорулары жана башка кирет. Бул оорулардын негизги белгиси: ич катуу ооруп, кээ бир учурда бычак менен сайгандай сыздайт. Оорунун мындай түрү өзгөчө карын же он эки эли ичегинин жарасында байкалат. Аппендицитте — ичтин оорусу акырындык менен башталып убакыт өткөн сайын күчөйт. Ичегинин түйүлүшүндө ич катуу бурап ооруп, бирде басаңдап, кайра кайталап турат. Бул оорунун айрым түрүндө, мисалы, заара жолунун таш оорусунда же өпкөгө суук тийгенде, миокарддын инфарктында операция жасалбайт. Ооруну врач гана так жана туура диагноз коюп, дарылай алат. Айрым учурда оорулуу өз алдынча же бирөөнүн айтуусу боюнча дарылануусунун натыйжасында ооруну күчөтүп алышы ыктымал, бул операциянын кечигип жасалышына алып келет. Мындай көрүнүш көбүнчө жаш балдарда болот. Алардын ата-энелери көбүнчө балдарын киренелеп же болбосо киндиги түйүлүп калды дешип, ичине жылыткыч коюп же ар кандай дарыларды колдонушат. Мунун натыйжасында оору өтүшүп, ал түгүл оорунун белгилери өзгөрүп, ооруга так диагноз коюуну кыйындатат.

Эгерде ичтин катуу оорушу аппендицит, карындын жарасы, ичегинин түйүлүшү жана башка оорулардын белгиси болуп, операция кечиксе, оорулуунун абалы кыйындайт. Оорулуу ичи катуу ооруй баштаганын сезери менен врачка кайрылуусу зарыл. А эгер ич туйулуп адам кан заара кылса эмне болот

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8