Ич көпмө

Википедия дан

Ич көпмө, тимпания - тез ачыма тоютту ашык жегенден пайда болуучу кепшөөчү малдын ылаңы.

Ич көпмө мал кышкы кургак тоюттан көктөмгө өткөндө көп кездешет. Мунун жаңы жана өнөкөт түрү болот. Жаңы түрү мал көк чөп, жүгөрүнүн жаңы бакалын, күздүк эгин, беде, (люцернаны) ж. б. жаандан же шүүдүрүмдөн кийин оттогондо, кээде кызыл өңгөчкө бир нерсе туруп же катып калганда, бузулган жемден, уулуу өсүмдүктөрдөн (уу коргошун, чытыр) пайда болот. Өнөкөт түрү ичеги-карын, боор оорусунун кесепетинен келип чыгат.

Дарттын белгилери: мал кепшебей, чабалактайт, ичи көбөт, демигет. Өз убагында жардам көрсөтүлбөсө, мал өлүмгө учурайт. Диагнозу клиникалык белгилердин негизинде коюлат.

Дарылоо: карынга жел чыгаруучу зонд киргизилип, ич көптүрбөөчү дарылар (ихтиол, формалин ж. б.) куюлат. Айрым оор учурда троакар менен карынды тешип, жел чыгарылат.

Профилактика: малга берилүүчү тоюттун сапатын көзөмөлдөө, малды кургак тоюттан көктөмгө акырындык менен өткөрүү, жайыттагы уу чөптөрдү жок кылуу, чабандарды дартты болтурбоо чаралары менен тааныштырып, аларды колдонуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.