Сагынбек Ишенов

Википедия дан
Ишенов, Сагынбек (сүрөтчү)‎»‎ барагынан багытталды)
Кыргыз сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов. Бишкек шаары, Кыргызстан. 02.04.2014.

Ишенов Сагынбек (05.4.1934, Чүй району, Бурана айылы) — заманбап кыргыз кино сүрөтчүсү, Кыргызстандын эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер (1974). Кыргызстандагы мультфильмдерди тартуу өнөрүнүн негиздөөчүсү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1961-ж. Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. СССР кинематографисттер союзунун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү. Сүрөтчү-коюучу катарында өзгөчө жетишкендиги болуп “Кыргызфильм” киностудиясы тарткан “Бакайдын жайыты” (1968), “Уркуя” (1971), “Ташка баткан элестер” (1974), “Сыпайчы” (1976) көркөм фильмдери болгон. 1968-ж. Орто Азия республикаларынын жана Казакстан фильмдеринин кароосунда бул фильм үчүн И. “Чоң тоо хрусталы” аттуу 1–байгени, Франкфурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ардак дипломду, Италиянын Триест шаарында “Алтын альпы бутагы” (1969) сыйланган. И-дун катышуусу менен тартылган фильмдер Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарга катышкан. 1970-жылдан баштап “Кыргызфильм” киностудиясында И. жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч “Сандар чатагы” анимациялык фильмин чыгарышкан. И-дун станоктук живописте революциялык-граждандуулук тематикасы курч берилген эмгектери: “Чоң салгылашуудан кийин” (1968), “Эркин-Тоо” (1969), “Алыскы айылга шам” (1971), “Узак жол” (1975), “Жаңы турмуш үчүн” (1977) жана башка Анын “Кызыл өгүздөр, көк соко” аттуу картинасы мыкты картинасынан болуп эсептелет (Третьяков галереясында, 1969). И-дун живопистик чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Третьяков галереясында жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сагынбек Ишенов байыркы Баласагын шаары турган Бурана сепилинин жанындагы Дөң-Арык айылында 1934-жылдын чын куран (апрел) айынын 5инде туулган.

Жаш кезинде Бурана шаар чалдыбарынын сүрөтүн тартып алып, Гапар Айтиевге барса, ал сүрөтчүлөр окуу жайына жолдомо берип, дароо экинчи курска кийрүүгө сунуш кылган экен. Союз таркай элек кезде, 1989-жылы Ташкент шаарына барганда өзбектер Жусуп Баласагындын чалма оронуп тартылган сүрөтүн көргөзүшөт. Ошондо өзбек туугандар Сагындан "Байыркы Баласагын шаарынан болсоңуз, ошол жерде анын сүрөтүн тарттыңыз беле?" деп күтүүсүздөн сурап калышат. Ыңгайсыз абалда калып, Баласагындын сүрөтүн жеринде тарта элек болсо дагы, "ооба" деп айтып алып, бир кызарып алганы эсинен кетпейт. Ошол калпынан кийин, Дөң-Арык айылына барып, Баласагынды, анын доорунун сүрөтүн тартууга киришет.

Жаш кезинде акын Алыкул Осмоновду өтө аздектеген.

Бул тууралуу ал мындай деп эскерет: "Алыкул Осмонов менин дүйнөмө бала чактан жакын. Мен ошон үчүн Алыкул темасына кайрылганымдын жөнү бар. Анын чыгармасынын негизинде 1982-жылы тарткан “Толубай сынчы” аттуу мультфильмим Франциядагы эл аралык фестивалда дипломго татыктуу болду. Акын дүйнөдөн өткөндө биз борборубуздагы №5 мектепте окучубуз. Эсимде, азыркы орус драма театрынын имаратынан узатышкан. Ага биз да катышканбыз..."

Фрунзе сүрөт окуу жайын (1955) бүтүргөн.

Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн (1961).

“Кыргызфильм” киностудиясында сүрөтчү (1961 — 76).

И. сүрөтчү-коюучу катары “Улуу эпос” аттуу кино очеркти көркөмдөгөн.

Сагымбай Орозбак уулунун портретин (“Элес”, 1963; жиповись, к. Сагымбай макаласынын баттамасын) тарткан.

1963-жылы "Космонавттар көчөсү" тасмасын тартууга катышкандыгы тууралуу эскерүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Биз демилгени биринчилерден болуп көтөрүп, Москвадагы Мамлекеттик кино тармагына космос темасында кино тартабыз деп сунуш жибердик. Ал кезде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан бул маселе тууралуу ойлой да элек болчу. Бул жагынан биз "паровоз", алар бизге чиркешкен вагон болуп калышты. 1963-жылы Москвадагы жетекчилик биздин демилгени колдоп, Марианна Рошал деген режиссер кызды, Илья Минковецкий деген операторду жиберишти. Бизде сценарий даяр болчу. Бул жерден картинанын директору Сагын Иманкулов, экинчи режиссеру Бекеш Абдылдаев, сүрөтчүсү мен болуп топ түзүлдү. Ошентип тасманы апрель айында тарта баштап, октябрда бүткөнбүз".

Кыргыз анимациясын түптөөгө зор салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1977-ж. Кыргызстанда биринчи мультипликация тобун уюштурган жана жетектеген.

Пост-советтик доордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов жазуучу Кеңеш Жусуповдун 75 жылдык мааракесине жана анын жаңы китебинин бетачарына арналган салтанаттуу иш-чара маалында. Кыргыз улуттук китепканасы. Бишкек шаары. 2012-жылдын бештин айынын (декабрынын) 1и.

Сагын Ишенов "Чыгармаларымды биринчи кезекте айылдык карапайым калк көрүп калышса" деп ойлойт. Кандай белгилүү сүрөттөрдү тартып, чоң сүрөтчү катары таанылбасын, айылдыктары ушул күнгө чейин аны "Чалкан" журналынын сүрөтчүсү катары гана тааныганына арданат. Байыркы Баласагын шаары тараптагы Дөң-Арык орто мектебинде сүрөтчү Сагынбек Ишеновдун өнөрканасы бар.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жары - Асия Ишенова, "Кыялда" кол өнөрчү болгон, азыр ардагер.

Алар 1963-жылы 30-октябрда Бишкекте үйлөнүшкөн.

Үч эркек (Мурат, Турат, Рат), бир кызы (Айнура) бар. Неберелери бар.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз ССРинин көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер (1974).
  • Кыргызстандын эл артисти (1992)
  • Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты (1990)

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чүй районунун Дөң-Арык орто мектебинин акты залында он жыл аралыгында тартылган панно. Аталышы: "Жусуп Баласагын 11-кылым". Жалпы көрүнүшү. Бийиктиги 4 метр, узундугу 9 метр. Темпера боек менен тартылган. Көз алдыда байыркы Баласагын шаарынын көрүнүшү. Көмкөрүлгөн көк асмандай көк түс куполдор, имарат-сарайлар. Борбордо төбөсү асман тиреген Бурана мунарасы. Ортодо Жусуп Баласагын. Отурган автор Сагын Ишенов. 2007-жыл. 27-сентябрь. Сагын Ишенов

"Элчилер Баласагын шаарында" Панно "Жусуп Баласагын 11- кылым" "Элчилер Баласагын шаарында. Күз Ордо" Ай-ааламдан, чыгышынан Кытай, батышынан Рун, Мисир, Византий-ар өлкөлөрдөн Күз-Ордого келген элчилер. Доор жүзү, колорити сакталып, 11- кылымда жашаган элдердин өң-турпаттары, кийген кийимдерин көрүп турасыздар. ДСПга тартылган.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Сагынбек Ишенов Төлөмүш Океевдин фильмдеринин, башкасын айтпаганда, да "Бакайдын жайыты" сыяктуу шедеврдин сүрөтчүсү болуп, кыргыз кино тарыхында сүрөтчү катары таанылган. Алыкул темасына кайрылып, Каптал-Арыктагы акындын музейине акынды тарткан сүрөттөрүнөн тартуу кылды. Кыргыз мультфильмге чоң салым кошконун айта кетели. Бүгүн көп кырдуу сүрөтчүнүн эмгегинин тарыхый темаларга арналган бир бөлүгү Бурана сепили жана Баласагынды чагылдырууга арналган.

2014-жылы Улуу Үркүнгө арналган триптихти тарта баштады.

Колдонулган адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]