Бурана шаар чалдыбары

Википедия дан
Бурана (мунара).

Бурана шаар чалдыбары – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок шаарынан 15 км түштүк-батышында, Дөң-Арык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архитектуралык мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана шаары деп илимге киргизилген.

Жазма жана археологиялык булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-кылым) жана М.Кашгаринин (12-кылым) эмгектеринде эскертилген Баласагун шаары менен салыштырышат. Бул шаардын экинчи аты – Куз-Ордошондой Шаар алгач Бурана суусунун оң өйүзүндө негизделип, шаар башкаруучулары үчүн коргондолгон борбору сепил (цитадель) курулган.

Аны шаардыктардын жыш жайгашкан турак жайлары жана курулуш имараттары, ички шаар-шахристан курчап турган. Сепил жана шахристан сыртынан бекемделген төрт чарчы сымал дубалдар менен чындалган. Дубалдардын узундугу түндүк жана батыш тарабынан 570 м, түштүгү 600 м, чыгышы 500 м узундукта болуп, дубалга кароол мунаралары жайгашкан. Шахристанга жана сепилге батыш дубалда жайгашкан дарбаза аркылуу киришкен.

Шахристандын айланасына кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, дыйкандардын жана башка калктын турак-жайлары, имараттары жайгашып, сырткы шаар-рабат өсүп чыккан. Шаардын айланасы сыртынан узундугу 15 кмге созулган кош жал менен бекемделип, айланасына чуңкур казылган.

Шахристандын аймагында аянты 100х100 м, бийиктиги 10 м келген дөбө ураандысында 10–12-кылымдарга мүнөздүү дөөлөттүү адамдын турак-жайы ачылган. 13–14-кылымдарга да мүнөздүү мүрзөлөр табылган. Ошондой эле шаар аймактарында төрт архитектуралык мавзолей, мечит, чиркөө, мончо жана башка курулуштар белгилүү.

Курулуштарга бышкан кыш колдонулган. Шаар калкы чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болгон. Шахристандын түштүк-чыгышында бийиктиги 24 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 м келген мунара сакталып калган. Ал бышкан кыштан курулуп, сыртына оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолуп жасалган.

Ичинде төбөсүн карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. Ошондой эле шахристандын жана рабаттын аянттарында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин устаканалары, карапа жана кыш бышыруучу, металл иштетүүчү мештер ачылган. Шаарда базар жайгашып, тыйын чыгаруучу жайлар болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]