Ишимов Бексултан Бекмолдоевич

Википедия дан

Ишимов Бексултан Бекмолдоевич — (10. 8. 1947 ж. т., азыркы Жалал-Абад облусуы, Базар-Коргон району, Чарвак айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (1997); юридика илимдеринин доктору (2002), профессор (2001). Европа укук академиясынын мүчөсү (Будапешт, 1999), Россия коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча академиясынын академиги (2002), Казакстандын ИИМ Академиясынын профессор (2002). КМДТИни (1969), СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1980), КПСС БКнын Коомдук Илимдер академиясынын аспирантурасын (1986), АКШнын Остин шаарындагы университеттин (1996), Аскер-аба күчтөрүнүн борборунун атайын курсун (1998, Флорида штаты) бүтүргөн. 1971–72-ж. Кыргыз ССР ИИМдин Эмгек-түзөтүү колониясында отряд начальниги, 1972–78-ж. инспектору, парткомунун секретары, 1978–88-ж. Кыргызстан КП БКда администрациялык органдар бөлүмүнүн инспектору, 1980–83-ж. Кыргызстан КП Талас обкомунун администрациялык органдар бөлүмүнүн башчысы, 1988–89-ж. Кыргыз ССР ИИМде министрдин орун басары, 1989–90-ж. Кыргызстан КП БКда мамлекеттик укук бөлүмүнүн башчысы, 1990–95-ж. СССР Жогорку Советинин мүчөсү, КМШнын парламент аралык комиссиясынын коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзам чыгаруу, адам укугун коргоо, улуттук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комиссиянын төрагасы, 1995–99-ж. Президенттин жардамчысы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2000–08-ж. Э. Алиев атындагы ИИМдин академиясынын начальниги болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]