Операциялык тутум

Википедия дан
Иштетүү системи‎»‎ барагынан багытталды)

Операциялык тутум (англ. operating system, OS) же ОТ — компьютер тутумунун аппараттык ресурстарын башкарууну жана программалык процесстердин аппаратура, башка процесстер жана колдонуучулар менен болгон аракеттерин камсыз кылган программалар тобу. Операциялык тутум эсти, киргизүү-чыгарууну, файлдык тутумду, процесстердин өз ара аракеттерин башкарат. Компьютер тутуму менен колдонуучу ортосунда интерфейсти уюштурат.

Программалык камсыздоонун иштеп чыгуучуларына операциялык тутум минималдык түрдө керектүү функциялардын топтомун берүү менен деталдардан абстракциялоого, каражаттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Көпчүлүк эсептөө тутумдарында операциялык тутум тутумдук программалык камсыздоонун негизги жана маанилүү (кээде жападан жалгыз гана) бөлүгү болуп эсептелинет. 1990-жылдардан баштап көбүрөөк таралган операциялык тутумдар болуп Windows бүлөсүнүн тутумдары жана UNIX классындагы тутумдары (өзгөчө Linux жана Mac OS) системаларынын функциялары

1) машинанын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү

2) анын ресурстарын башкаруу

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]