Ишутин ийрими

Википедия дан

Ишутин ийрими - Москвада 1863-ж. Н. А. Ишутин уюштурган революциячыл жашырын уюм.

Интеллигент топтордун заговору аркылуу дыйкан революциясын даярдоону көздөгөн. Биринчи «Жер жана эркиндик» коомуна ыктаган ийрим катары пайда болгон (1863, сент.).

«Жер жана эркиндик» коому жоюлгандан кийин Ишутин ийрими Москвадагы бытыранды жашырын ийримдерди бириктирген.

1865-ж. Ишутин ийрими Петербург уюму, поляк революционерлери жана орус саясий эмигранттары менен байланыш түзгөн. Ийримди Н. А. Ишутин, П. Д. Ермолов, Д. В. Каракозов жан башкалар жетектеген. Уюмдун программасында («Устав») эл арасында социализмди пропагандалоо, террор тактикасын колдонуу, заговор уюштуруу, провинцияларда жашырын уюмдар түзүү ж. б. белгиленген. Ишутинчилер Н. Г. Чернышевскийди каторгадан качырууга даярданышкан (1865-66).

Д. В. Каракозовдун Александр Пни өлтүрүүгө жасаган аракети (1866, 4-апр.) ордунан чыкпагандан кийин, уюмдун 32 мүчөсү соттолуп, көпчүлүгү админ, жазага тартылган. Ишутин ийриминин мүчөлөрүнүн көбү кийинки революциячыл жана коомдук кыймылга катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.