Иэн Маккеллен

Википедия дан

Сэр Ян Мүррей Маккелен (англ. Sir Ian Murray McKellen, CH, CBE ; 1939-жылы 25-майда туулган) - англиялык актер. Ал алты "Лоуренс Оливер" сыйлыгынын, бир "Тони" сыйлыгынын, бир "Алтын Глобус" сыйлыгынын, "Киноактерлордун Гилдия сыйлыгынын" ,бир"BIF" жана эки "Сатурн" сыйлыгынын, төрт "Drama Desk" сыйлыгынын, эки "Сынчылардын тандоосу" сыйлыктарынын ээси болуп саналат. Ал ошондой эле эки жолу "Оскар" сыйлыгына, төрт жолу "BAFTA" сыйлыгына жана беш жолу "Эмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Маккелендин актердук кесиби Шекспирдик жана заманбап театрдан, популярдуу фэнтези жана илимий-фантастикалуу тасмаларга чейин созулат. Би-Би-Си; "анын аткаруулары ага Британиянын сахнасында жана тасмаларында өз ордун табууга жардам берди" - деп билдирген. Маккелен Улуу Британиядагы баардык маанилүү сыйлыктардын ээси жана ал британиялык маданий икона деп эсептелинет. Ал профессионалдык актердук кесибин 1961-жылы Белграддагы театрдын репертуарынын мүчөсү катары баштаган. 1965-жылы ал алгачкы жолу Вест-Эндде көрсөтүүгө катышкан. 1969-жылы ал Шекспирдеги Ричард II жана Марлоудун Эдвард II каармандарын аткаруу үчүн Проспект Театрладык компаниясына чакырылган. Муну менен ал өзүн өлкөдөгү эң мыкты классикалык актерлордун бири катары көрсөткөн. 1970-жылы Маккелен Роял Шекспир компаниясынын жана Улуу Британиянын Улуттук Театрынын жактоочусу болгон. Ал дүйнөлүк атактуулукка, "Шакектер ээси" (англ. The Lord of the Rings ) жана "Хоббит" (англ. The Hobbit) үчилтигинде Гендалфты ролу, "Х-Адамдар" (англ. X-Men) тасмасында Магнетонун ролун аткаруу менен жеткен. Ошондой эле бул эки роль тең Маккеленди жаңы муунга тааныштырган.

1979-жылы туулган күндүк сыйлык тапшыруу аземинде Маккелен Улуу Британия Императорлугунун Командир ордени менен сыйланып, 1991-жылы Жаңы-Жылда искусствого кошкон салымы үчүн Рыцардык орденге ээ болгон. Ошондой эле 2008-жылкы Жаңы Жылда драма жана адилеттүүлүккө көрсөн кызматы үчүн Кавалердик орден менен сыйланган. Маккелен 1988-жылдан бери ачык түрдө гей катары саналат жана дүйнө жүзү боюнча ЛГБТ коомдук кыймылдарынын чемпиону болууну дале улантууда. Ал 2014-жылы, октябрда Лондон шаарынын Эркин адамы деп аталган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]