Иэн Макүэн

Википедия дан
Иэн Макүэн (2008)

Иэн Рассел Макүэн (англ. Ian Russell McEwan; 1948-жылы 21-июнда туулган) - англиялык жузуучу-романист жана сценарист. 2008-жылы, The Times Макүэнди "1945-жылдан бери Британиянын 50 эң мыкты жазуучулары" тизмесине киргизген, ошол эле жылы The Daily Telegraph "Британиялык маданиятынын 100 эң таасирдүү инсан" тизмесинин катарына кошкон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макүэн өзүнун чыгармачылыгын готикалык кыска аңгемелерди жазуу менен баштаган. Жазуучунун "Капалуу Иэн" теркеме аты "Цемент багы" (англ. The Cement Garden, 1978) жана "Жүзү жылуу бейтааныштар" (англ. The Comfort of Strangers, 1981) алгачкы романдарынын натыйжасында пайда болгон. Ошондон кийин, жазуучу 1980чи жана 1990-жылдын башында ага ийгилик алып келген үч романын жазган. Жазуучунун "Чын сүйүү" (англ. Enduring Love, 1997) романы тасмага адаптацияланган. "Амстердам" (англ. Amsterdam, 1998) чыгармасы үчүн Man Booker сыйлыгана ээ болгон. Анын "Өз жазасын тартуу учур" (англ. Atonement) романы жылуу кабыл алынып, Оскар сыйлыгына татыктуу болгон тасмага адаптацияланган, тасманын башкы ролдорунда Кира Найтли жана Жеймс Макэвой тартылган. Жазуучунун башка романдары: "Ишемби" (англ. Saturday, 2005), "Жээкте" (англ. On Chesil Beach, 2007), "Күнөс" (англ. Solar, 2010), "Таттуу жандуу" (англ. Sweet Tooth, 2012), "Балдар мыйзамы" (англ. The Children Act, 2014) жана "Жаңгактын кабыгы" (англ. Nutshell, 2016). 2011-жылы жазуучу Jerusalem сыйлыгына ээ болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]