Йорк

Википедия дан
Йорк.

Йорк - Улуу Британиядагы шаар. Йоркшир графтыгында. Уз дарыясындагы дарыя порту. Калкы 104 миң (1998). Маанилүү жолдор тоому. Тамакаш (шоколад), айнек, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт.

Алгач 1-кылымда Рим сепили. 6-кылымдан Англия, Саксония жана Дания королдуктарынын борбору, 9-кылымда даниялыктар басып алган. 735-жылдан Йорк архиепископторунун резиденциясы. Университет, музей, сүрөт галерея музейсепил бар. Роман-готика стилиндеги собор (1115-к.), Сент-Мэри аббатчылыгы (13-к.), сепил (13-к.), 15-16-кылымдагы турак-жайлар сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]