Йоханнес Дидерик Ван дер Ваальс

Википедия дан

Ваальс, Ван дер Ваальс (van der Waals) Йоханнес Дидерик (23.11.1937, Лейден 9.3.1923, Амстердам) нидерландиялык физик. Лейден Университетинин эркин угуучусу (1862-65). Амстердам Университетинде профессор. Илимий иштеринин басымдуу бөлүгү молекулярдык физика жана төмөнкү температурадагы физикалык кубулуштарга арналган (1873), реалдуу газ абалынын теңдемесин чыгарган (Ван дер Ваалъс теңдемеси). Бинардык эки фазалуу кошулмалар теориясын (1890) жана капиллярдуулуктун термодинамика теориясын (1894) иштеп чыккан. Электролиттик диссоциация жана гидростатика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1910). Эмгеги: Курс термостатики. М., 1936. Ч. 1 2 (Ф. Констамм менен бирге).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]