Йошкар-Ола

Википедия дан

Йошкар-Ола (Yoshkar-Ola) шаары – Орусиянын Мары Эл жумуриятынын ордо шаары. Калкы – 248,700 (2010-жылкы болжолдуу эсеп). Маскөөдөн 862 чакырымдай чыгышта жайгашкан.

Кыскача баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Йошкар-Ола” сөзү мары тилинде “кызыл шаар” дегенди туюнтат. Мары эли – фин-угор тилинде сүйлөгөн калктардын бири. Шаарды орустар мурда “Царёвококшайск” деп да аташкан. 1919-жылы анын аталышын болшевиктер “Краснококшайск” деп өзөртүшкөн. Шаарды аралап аккан Кичи Кокшага (Малая Кокшага) дарыясынын аталышы, демек, мурдагы эки аталышка өзөк болгон. Бул дарыя Эдил (Волга) дарыясына куят.

Кичи Кокшага (Малая Кокшага) дарыясы

Шаар 1584-жылы падыша Федор Иоаннович тарабынан Волга-Вят аймактарынын коопсуздугун камсыздоо максатындагы аскердик чыңдалган жай катары негизделген. Пост-советтик доордо мурдагы бир катар өнөр жай ишканалары токтотулуп, жумушсуздук көйүп, кыйла адистер башка шаарларга көчүп кеткени маалымдалып келет. Шаар башка орусиялык чөлкөмдөр менен темир жол жана автожол аркылуу байланышкан. Шаардан 9 чакырымдай түндүктө Йошкар-Ола аба майданы жайгашкан. Шаарда Мары Мамлекеттик Университети жана башка университеттер бар. 1984-жылы шаар Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1990-жылдан тартып бул шаар Орусиянын тарыхый шаарларынын тизмесине киргизилген.

Калкынын улуттук курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Йошкар-Ола шаарынын калкынын 68 пайыздайын орустар түзөт. Мары эли – 24 пайыз, татарлар – 4,3 пайыз. Алардан башка чуваш, удмурт, мордва, украин жана башка этностордун өкүлдөрү байырлашат.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар континенталдык климат алкагында жайгашкан. Кышы – узак жана суук келет. Орточо даражасы – Целсий менен 18 даража (градус) суук. Жайы – мелүүн (орточо 22 – жана 24 даража жылуу).

Шерик (боордош) шаарлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мажарстанда – Сомбатхей шаары - Szombathely (Hungary)
  • Франсияда – Бурже шаары - Bourges (France)
  • АКШда – Принстон шаары - Princeton, West Virginia (USA)

Шаар тууралуу эмгектер, макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Йошкар-Ола шаарынын гимни катары композитор Андрей Эшпайдын «Йошкар-Ола тууралуу ыр» («Песня об Йошкар-Оле») чыгармасы кабыл алынган. Анын тексти акын Леонид Дербеневго таандык. Бул ырды учурунда Эдуард Хиль ырдап чыккан.
  • Йошкар-Ола: справочник-путеводитель / Сост. и науч. ред. К. К. Васин. — Йошкар-Ола: Марийское книжное издательство, 1982
  • Навсегда у меня в сердце ты: 425 лет городу Йошкар-Оле — Йошкар-Ола: Стринг, 2009. — 263 с.
  • Сост. Е. Б. Брагилевская Йошкар-Ола. Очерки о столице Марийской республики — Йошкар-Ола: Map. кн. изд-во, 1984. — 157 с.
  • История сёл и деревень Республики Марий Эл. Город Йошкар-Ола — Йошкар-Ола, 2004.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалыматнаамалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карталар жана чиймелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]