Каакым-кукум

Википедия дан
Каакым-кукум.

Каакым-кукум (Одуванчик), (лат. Taraxacum officinale wigg) - татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүк.

Сабагы көндөй, тик өсөт. Сабагы, жалбырагы сүттөй ширелүү, жалбырагы тамыр моюнчасына тегеректешип жайгашат. Ton гүлү - себетче, өңү сары. Мөмөсү - үпүлүү урукча.

Ал жол боюнда, суу жээгинде, огород, бак, талаа, шалбааларда өсөт. Ашказан, бөйрөк, жүрөк,нерв ооруларына колдонулат. Унутчаактыкка да таасир берет.

Анын гүлүн (жалпы) жулуп салып, ширесин кошуп, күнүнө 2-3 маал жарым стакаңдан тамактанаардын алдында ичет. Кургатылганынын бир аш кашыгын 1 стакан сууга кайнатып, тундурмасын тамактын алдында 30 мүнөт мурун ичсе болот. Кургатылган тамырын же өзүн демдеп өт баштыкчасынын оорусуна жана тамакка табитин жогорулатуучу дары катары, ошондой эле тамак синирүү бездеринин секрециясын ылдамдатуу үчүн да колдонулат.

Анын 10 г сабагын же тамырын 1 стакан кайнак сууга демдеп, чыпкалап, тундуруп, күнүнө 5-6 жолу бир кашыктан ичилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9