Каалоо

Википедия дан

Каалоо– психологияда белгилүү даражада баамдалган түшүнүк менен мүнөздөлгөн кандайдыр бир кыймыл-аракетти жасоого умтулууну баштан өткөрүү. Ошол иштин жүзөгө ашырылышы Каалоонун канааттандырылышы катары кабыл алынат. Каалоо көбүнчө бир нерсеге эмоциялуу умтулуу деген мааниде колдонулат. Бул мааниде алып караганда Каалоонун эмоция, сезим, аффекттер менен байланышы бар. Этика, социалдык психология Каалоону социалдык нормалар жана баалуулуктар менен шартталган нерсе катары карайт. Бул мааниде Каалоо кандайдыр бир максатка, тилекке, идеалга жетүүнүн түрткүсү сыңары түшүндүрүлөт. Каалоо адамдын жүрүм-турумуна жана иш-аракетине түрткү берүүчү психикалык абал. Ошондуктан Каалоо психологияда иш-аракеттин объектисине кызыгуу (эмоциялык жак) же умтулуу (баалуулук жак) гана эмес, ошол ишаракетти ишке ашырууну эңсөө катары да сыпатталат. Мында эңсөө адамдын эркинин көрүнүшү катары түшүндүрүлөт. Каалоонун өнүгүшү Каалоонун предмети, аны канааттандыруу жолу жана шарты Каалоонун өзүнүн туруктуулугу, узактыгы менен аныкталат. Ушуга байланыштуу Каалоо аткарыла турган, реалдуу эмес, карама-каршы, акыл-эске сыйбас, максаттык ж. б. болуп бөлүнөт. Каалоо кызыкчылык жана ишеним сыяктуу эле адамдын өз иш-аракетине аң-сезимдүү мамилесин билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]