Кабардалар

Википедия дан

Кабардалар (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймактарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичиндеКабарда-Балкарияда 490 453 миң киши(2010). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер, моздоктук Кабардалар православие динин тутушат. Этностук негизин адыгелер жана черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары Түндүкжана Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зихтер (1-6-кылымдар), черкестер (13-19-кылымдар). Кабардалар 13-15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-ж. Кабардалар өз ыктыяры менен орус мамлекетинин курамынакирген. Негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимдери алтын менен жасалгаланган. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук катары максым кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]