Кабель

Википедия дан
Кабель.

Кабель (голланд тилинде kabelаркан, трос) электрдик – ток өткөргүч бир же бир нече зым. Кабель электр энергиясын (күчтүк Кабель), байланыш (байланыш Кабель), билдирүү (радио жыштык Кабель) сигналдарын аралыкка берүүдө, бөлүштүрүүдө, ар кандай электр-техникалык, радио-электрондук түзүлүштөрдү, приборлорду туташтырууда (көзөмөлдөөчү жана өлчөөчү Кабель) колдонулат. Кабелдин түзүлүшү анын орнотулуу жана пайдаланылуу шартына: жер жана суу астында, абада, химиялык активдүү чөйрөдө, жогорку жана төмөнкү температурада, өтө нымдуулукта жайгаштырылышына жараша болот. Кабель ток өткөрүүчү зымдардан, ороочу кабыкчадан жана сырткы сактагыч кабык сыяктуу негизги элементтерден турат. Ток өткөрүүчү зымдары, салыштырма каршылыгы өтө төмөн болгон жез, алюминийден жасалып, ийүү, толгоо, чоюу учурунда оңой менен сынбайт жана үзүлбөйт. Кабелди жана зымдарын ороочу материал катары табигый (каучук, накта жибек ж. б.), жасалма (Кабель кагазы, вискоза, ацетат жибеги ж. б.) материалдар жана синтездик полимер кошундулары пайдаланылат. Кабелдин кабыкчасы көбүнчө коргошун, алюминий материалдарынан жасалып, ток өткөрүүчү зымдарды химиялык жегичтерден, нымдан, жарыктан жанамеханикалык урунуудан сактайт.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кабелдерди маркалоону чечмелөө