Кабель жаткыргыч

Википедия дан

Кабель жаткыргыч – кабелди жер жана суу асты боюнча өткөрүүчү жабдуу. Жумушчу тетиктери боюнча тилгичтүү, ротордуу жана гидравликалыкболуп бөлүнөт. Тилгичтүү Кабель жаткыргычтын негизги тетиги эки тилгичи. Биринчиси алдына орнотулуп, тилгич туш келген өсүмдүк тамырын кыркып, кыртышты жумшартат жана таштан арылтат. Экинчи тилгичи тереңдиги 1,5 м келген кабель арыкчасын казат. Тилгичтүү Кабель жаткыргычтыатайын трактор сүйрөйт. Ротордуу Кабель жаткыргычта кабель жаткырылуучу арыкты өзү жүрүүчү ротордуу экскаватор казат, ага чиркелген арабача кабелди сүйрөйт. Гидравликалык Кабель жаткыргыч суунун түбү менен кабель өткөрөт. Кемеге орнотулган насостун жардамы менен суунун түбүндө арыкча казылып, ага кабель, түтүк менен түшүрүлүп, жаткырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]