Кабель кемеси

Википедия дан

Кабель кемеси - суу астында (деңиздерге, океандарга) байланыш линияларын жана электр энергиясын алыска берүүчү кабелдерди орнотуучу жана аларды суудан көтөрүп чыгып ремонттоочу кеме.

Кабелди сууга түшүрүп орнотуу жана кайра жыйнап түрүп алуу үчүн кемеге электр менен иштөөчү кабель машиналары (бирөө артына, экөө алды жагына) орнотулат. Кабель машинасы бир же эки барабандан турган лебёдка түрүндө болот. Кабелди орнотуу көпчүлүк учурда кеменин арт жагындагы машина менен, жыйнап түрүп алуу тумшук жагындагы машина менен аткарылат. Орнотулуучу кабель кеменин тенкс деп аталуучу цилиндр формасындагы цистернасына оролот.

Кабель кемеси кабелди текшерүүчү лаборатория, аларды улаштыруучу жана издөөчү түзүлүштөр, орнотуу процесстерин байкап туруучу аппараттар ж. б. менен жабдылат. Дарыяларда, көлдөрдө, деңиздердин жээктеринде, порттордо суу астында кабель орнотуу үчүн убактылуу лебёдка менен жабдылган жөнөкөй кемелер пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.