Кабуки

Википедия дан

Кабуки — салттык япон театры. Музыка коштогон элдик бийлерден жана драмадан турат. 1603-ж. аялдар труппасы катары негизделген. 1629-ж. адеп-ахлак эрежелерин бузуп жатат деген шылтоо менен жабылган. 1652-жылдан оюндарга өңчөй эркектер катышып, алар аялдардын ролун да аткарган. Кабуки театры 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында өзгөчө өнүккөн. 18-кылымдын аягында Кабуки өнөрүнүн борбору Киото жана Осака шаарыларынан Эдого (азыркы Токио) оогон. Театрда жаңы үрп-адаттарды чагылдырган оюндар, тарыхый драмалар коюла баштаган. 1966-ж. Кабуки классикалык театрын сактап калуу максатында мамлекеттик «Кокурицу гэкидзё» театры ачылган. Театрдын спектаклдери СССРде да көрсөтүлгөн: 1928-ж. Садандзи II жана Сётё труппасы, 1961-ж. Итикава Энноскэ II жана Утаэмон VI труппасы келишкен. Заманбап Кабуки театрында салттуу канондук спектаклдер менен катар эксперименттик соңку суперкабуки спектаклдери да коюлууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]