Кабыктоочу станок

Википедия дан

Кабыктоочу станок – жыгачтан жука майда атайын кесиндилерди алууга арналган жабдуу. Ал кесиндилер кабыкталган шпон деп аталып, кертилген жыгачтан алынат. Кабыктоо учурунда суппортко бекиген бычак, узунунан айланып жаткан жыгачты кесе баштайт. Катмар-катмары боюнча кесилген жыгач үзгүлтүксүз тасма түрүндө болот. Шпондун туруктуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн кабыктоо учурунда жыгачты кыскыч сызгыч менен кысып жана гидротехникалык иштеп чыгуудан (мисалы, буулоо) өткөрөт. Кабыктоочу станоктон алынган тасманын калыңдыгы 0,1-10 ммди, кесүү ылдамдыгы 1ден 6 м/сек, кесүү бурчу 27°тан ашпайт. Эмерек жасоодо, ошондой эле фанера жана ширеңке өндүрүшүндө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]