Кабык кездеме

Википедия дан

Кабык кездеме - дарактардын белгилүү түрлөрүнүн кабыгынан алынуучу жөкөдөн жасалган кездеме. Кагаз дарагынын, нан дарагынын, рафия кабыгынан сууга салып жибитип жана кыруу ыкмасы аркылуу жөкөсү ажыратылып алынат. Жөкөнү жыгач жана таш (Түштүк Америка, Индонезия) балка менен ургулап тыгыздашат жана ошол эле мезгилде чоюшат (4-8см ден 60-80 см ге чейин). Мындай кездемелерди жасоо Океания менен Танзанияда (Жаңы Зеландияда таралган эмес) кеңири тараган жана өнүккөн. Ал Түштүк Америка (Амазонка райондору), Индонезияда жана Африканын Сахарадан түштүктө жайгашкан айрым аймактарында жасалып келет. Ал Сулавесиде, Танзаниянын арасында жөкө алуу үчүн атайын өстүрүшөт. Меланезияда анжир жыгачынан бекем жана одоно жөкө алышат. Океанияда мындай кездемени «тапа» деп аташат, бул сөз полинезия тилинен алынган жана »урулуп, согулган» деген түшүнүктү берет. Бул кабык кездемени билдирген. Биздин заманга чейин эле Кытайда кагаз дарагынын жөкөсүнөн кагаз жасашкан. Дарактын кабыгы курч аспап менен же ургуланып сыйрылып алынат. Тапаны узартуу, кеңейтүү түрдүү жолдор: бир нече тилкенин четтерин бириктирип ургулоо, клей менен жабыштырып ургулоо же жөкөнү чаташтыруу аркылуу жетишилет. Жыгач балкаларга жолчолор же сүрөттөр оюлуп жасалган. Аны менен ургулоодон кездеме кооз түр алган. Кездемени өз түрүндө катырышкан же күнгө жайышкан, же боёкко салышкан, кээде бир гана жагын боёшкон. Боёо жана сүрөт салуу бир эле жумуш процессинде бүткөрүлгөн. Тапанын ачуу жытын кетирүү үчүн Полинезияда жыпар жыттуу чөптөрдүн ширесин пайдаланышкан. Бир катар аймактарда майланган кездеме менен жаандан корголошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]