Кабык (исскуство)

Википедия дан

Кабык (лубок), кабыктагы картиналар, элдик картиналар – түшүндүрмө жазуулары бар, өзүнчө барактарда, көп нускалуу басылган жана аты-жөнү белгисиз сүрөтчүлөр тарабынан тартылган картиналар. К. к. Россияда XVII кылымдан тартып кеңири тарай баштаган жана көбүрөөк колдон жасалган станоктордо жыгач такталардан басылып турган жана кол менен боёшкон. К. к. сюжеттери ар түрдүү. Расмий түрдө кызыктыруу максатында диний темада жана падышаларды, алардын кол башчыларын даңктаган сюжеттер менен бирдикте, К. к-ларында мамлекетке каршы эл массаларынын чыныгы маанайын, алардын жокчулукка, барщинага жана рекрутка болгон нааразычылыктарын чагылдырган сатиралык сюжеттер да болгон. Сатиралык картиналар кээде жашыруун басмаканаларда басылган жана андагы сүрөттөр көп учурда каймана иретинде айтылган. Элдик жомоктор, уламыштар, притчалар иллюстрацияланган К. кеңири белгилүү болгон, ал эми XIX кылымдан баштап орус классиктеринин чыгармалары (мисалы, Пушкин, Гоголдун чыгармалары чыга баштаган. Көркөм каражаттарынын оройлугуна жана өзүнүн баёолугуна карабастан баасы арзан, баарына жеткиликтүү кызыктуу К. к. сабатсыз адамдар үчүн иллюстрацияланган китептерди алмаштырып турушкан. Бул мааниде алар оң таасирин тийгизишкен жана фольклор, эл чыгармачылыгынын өзгөчө тармагы болуп кала берген. К. к-ларынын ар кандай сюжеттеги түрлөрү Кытайда кеңири тараган жана илгертеден эле элдин сүймөн­чүлүгүнө ээ болгон. ошону менен бирге жогорку көркөм деңгээлде аткарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]