Кабылбек Бешимбаев

Википедия дан

Бешимбаев Кабылбек (1958-ж. туулган, Кожомкул кыштагы) - ардагер укук коргоочу, милициянын полковниги, демөөрчү.

  • СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүргөн (1985), Ленинград шаарында СССРдин тергөө кызматкерлери институтунда (1990) жана Будапешт (Венгрия) шаарында Эл аралык укук тартиби институтунда окуп билимин жогорулаткан (1996).
  • 1976-78-жылдары Советтик Армиянын катарында Венгрияда кызмат өтөйт.
  • 1978-80-жылдары эл чарба тармагында, 1987-2008-жылдары ички иштер органында иштеген.
  • Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө (ИИБ) тергөөчү, улук тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн начальниги, начальниктин тергөө боюнча орун басары, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, ЖалалАбад ОИИБнын тергөө бөлүмүнүн начальниги болуп иштеп, 2008-ж.
  • жаш курагы боюнча пенсияга чыгат.
  • 2009-жылдын март айынан бери Сокулук районунун Ат-Башы айыл округунун башчысы.
  • Военно-Антоновка айылдык кеңешинин 2000, 2008-жылдардагы чакырылышынын депутаты.
  • Учурда Жер боюнча кеңештин комиссиясынын төрагасы.
  • Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын демөөрчүсү.
  • Жыл сайын ал мектептин алдыңкы 120 окуучусуна 200 сомдон жана мыкты 3 мугалимине 5000 (беш миң) сомдон стипендия чектеп келет.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9