Кабылдоо-берүү радиостанциясы

Википедия дан

Кабылдоо-берүү радиостанциясы - бир канча радио борборлордо эки багыттуу радиобайланышты камсыз кылуучу аппаратураларменен техникалык курулуштардын комплекси. Кабылдоо-берүү радиостанциясынын негизги милдети башка шаардан (же өлкөдөн), радиостанциялардан берилүүчү радио, телефон, радиотелеграф же радиофототелеграф сигналдарын үзгүлтүксүз жана сапаттуу кабылдап, кайра берип, радиобайланышты камсыз кылуу. Негизги элементтерине антенна, радиобергич жана радиокабылдооч, фидер, ток булагы киретКабылдоо-берүү радиостанциясытолкун диапазону километрдик, гектометрдик ж. б.; байланыш каналдарынын саны бир же эки жана көп каналдуу; жумуш теги симплекстүү жана дуплекстүү; мобилдүүлүк деңгээлине жараша алып жүрүүгө мүмкүн болгон, жылып жүрүүчү объектилерге (машина, самолёт, танк ж. б.) орнотулган түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]