Кабырчыктуулар

Википедия дан

Кабырчыктуулар (Squamata) – сойлоочулар түркүмү. Денеси түрдүү мүйүз кабырчык жана калкандар менен капталган; анын астында сөөк эбелектер (остеодермалар) жайгашкан. Баш сөөгүнүн чыкый жагы анча-мынча жөнөкөйлөнгөн. Үстүңкү жаактын чарчы сөөгү көп учурда баш сөөгү менен кыймылдуу бириккен. Клоакасы туурасынан кеткен жылчык түрүндө. Эркегинин копулятив жуп органы клоакасынын бир же эки жагында жатат. Көпчүлүк Кабырчыктуулардын (кескелдириктер жана жыландар) жумурткасында жумшак пергамент сымал кабыгы бар жана белок кабыгы (башка сойлоочулардай эле) болбойт. Кабырчыктуулардын 4 түркүмчөсү кескелдириктер, амфисбеналар, хамелеондор жана жыландар бар. 6600дөн ашык түрү Антарктидадан башка бардык континенттерде таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]