Кавернометрия

Википедия дан

Кавернометрия (Латын тили caverna - көңдөй жана ...метрия) - бургулануучу скважина тереңдеген сайын анын диаметринин өзгөрүшүн көрсөтүүчү график (кавернограмма) алына турган өлчөөлөр.

Скважинанын диаметрин өлчөөнү советтик илимпоз С. Литвинов биринчи сунуш кылган (1935). Казуу учурунда жемирилип, урап кеткендиктен топурактуу, кумдуу, туздуу ж. б. тектерде скважинанын диаметри бургунукунан чоң болот. Суу сиңирүүчү тектерде скважинанын диаметри бургунукунан аз болот. Себеби кээ бир тектер сууга көөп, скважинанын ички бетинде топурактуу катмарды пайда кылат. Кавернограмма менен скважинанын геол. түзүлүшүн аныктоо үчүн геофиз. методдордун маалыматтары пайдалапылат да, бургулөө учурунда скважинанын абалын байкап турууга мүмкүн болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.