Кавер-версия

Википедия дан

Кавер (англ. cover) — бул автордук музыкалык чыгарманын башка ырчы тарабынан аткарылышы. Ал англис тилиндеги (cover) «жабуу» деген сөзүнөн келип чыккан. Адатта абдан популярдуу болгон ырлар кавер болуп аткарылат. Кээде белгисиз эле ыр кавер болуп ырдалган соӊ таанымал болуп чыга келет. Кыргыз шоу-бизнесинде да кавер кеӊири колдонула баштады. Маселен орусиялык «IOWA» тобунун «Улыбайся» ырын кыргызстандык «STYLE MIX» триосу кавер кылып ырдап жүрөт. Баса, жалаӊ кавер ырлардан турган жыйнак трибьют деп аталат.