Кагаз хроматографиясы

Википедия дан

Кагаз хроматографиясы, анализденүүчү аралашма компоненттеринин кагаз аркылуу тиешелүү эриткичтин агышы менен түрдүүчө ылдамдыкта жылышына негизделген. Бөлүштүрүү процесси аяктаганда хроматографиялык зоналар кагаздагы жайгашышын хроматограмма деп атайт. Анализденүүчү эритменин бир тамчысын атайын кагазга тамызат. Кагаз аркылуу эриткич капиллярдык жана гравитациялык күчтөрдүн таасири астында жылат. Экспериментти адатта герметикалык айнек идиште жүргүзөт. Бөлүштүрүү жана тунма К. х. активдүү кагаз кыймылсыз фазанын инерттүү алып жүрүүчүсүнүн милдетин аткарат, ал эми адсорбциялык жана ион алмашуу К. х. активдүү кыймылсыз фаза болуп саналат. Адатта кыймылсыз фазанын милдетин суу же туздар суудагы эритмеси, кыймылдуу фазанынын милдетин к-талар жана комплекс пайда кылуучу заттар орг. эриткичте (спирт, кетон, эфир ж.б.) эритмелери аткарат. Компоненттер кагаз аркылуу өтүү ылдамдыгы, алардын бөлүнүү коэффициентине жана кыймылдуу менен кыймылсыз фазалар көлөмдөрүнүн катышына көз каранды. Бөлүштүрүүчү К. х. асыл металлдар, сейрек жер металлдар, фенолдор, пептиддер, пестициддер, синтездик беттик активдүү заттарды бөлүүдө жана анализдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]