Кадмий оксиди
Көрүнүш
Кадмий оксиди, CdО - сары-күрөң түстөгү борпоң же кристаллдык зат. Сууда эрибейт. 900оС кургак бууланып учат. Сd же CdS 800оС абада окистендирүүдөн жана Сd(OH)2, СdСО3 жогорку темп-рада ажыратуудан алынат. Болот сырткы бетин кадмий менен каптоодо колдонулат. Өтө уулуу зат (абада мүмкүн болгон өтө аз концентрациясы 0,1 мг/м3).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
![]() |
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|