Кадмий сульфаты

Википедия дан

Кадмий сульфаты, CdSO4 - сууда жакшы эриген, спиртте эрибеген өтө уулуу кристаллдык зат. Кристаллогидраттарды пайда кылат. Эрүү t 135оС. Cd же CdO суюлтулган H2SO4 эрүүсүнөн алынат. Cd, CdS жана кадмий башка туздарын алууда аралык продукту болуп эсептелет. Вестон нормалдуу элементинде электролит курамына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]