Кадралиев, Жоомарт Асаналиевич

Википедия дан

Кадралиев, Жоомарт Асаналиевич (1946-ж. төрөлгөн, Калинин району - 2015) – монументалист, живописчи. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, проф. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1966), Москвадагы В. И. Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтун (1974) бүтүргөн. 1968-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1974-ж. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында, 1980–1990-ж. С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында жана башка окуу жайларда сабак берген. 1977–80-ж. Фрунзедеги сүрөт академиясынын аспиранты болгон. К. адегенде станоктук живописте, кийин графикада, 90-жылдардан баштап монументалдык роспись жанрында эмгектенген. К-дин “Койчунун кызы”, “Кабар”, “Тоолук кыз”, “Пахтачы”, “1919-жыл”, “Ата көчү”, “Эсимде” аттуу эмгектери белгилүү. Ошол эле жылдары “Манас” энциклопедиясын иллюстрациялаган. Талас шаарындагы “Манас” музейинде “Бабалар жөнүндө баян” жана “Үч муун” (1995) аттуу монументалдык роспистердин автору. Р. Абдыкадыров атындагы Ош филармониясындагы “Кылымдар таңы” чыгармасы К-дин чоң монументалдык росписи болуп эсептелет. К-дин чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, эл аралык Манас-Ата, Түгөлбай-Ата сыйлыгынын лауреаты. III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]