Кадриль

Википедия дан

Кадриль - (француз тилинде quadrille төрт адамдан турган топ) – европалык элдердин бийи. Кадриль хороводдук бий кыймылдарынын элементтерине негизделген. Композициясы төрт чарчы болуп турган төрт жупка эсептелген. Бий кезмектешип, жуптары алмашылып бийленет. Акырында бардык бийчилердин катышуусу менен аяктайт. Кадриль 17-19-кылымдарда ар кандай аталышта орус, украин, беларусь, латыш, эстон ж. б. элдерге кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]