Кадыракунов Керимбек

Википедия дан

Кадыракунов Керимбек – акын. Нарын шаарында 1953-жылы 2З-майда туулган. 1970-жылы Орто-Нура айылындагы А.Жданов атындагы орто мектебин, 1975-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун механикалык факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-механик.

Эмгек жолун 1975-жылы Нарын шаарындагы жүк ташуучу автобазада механик болуп иштөөдөн баштап, башкы инженерге чейин иштеген. Кийин Республикалык транспорттук эксплуатациялык башкармалыгынын Нарын шаарындагы автобазасынын начальниги болуп дайындалган.

1983–1987-жж. Эл депутаттарынын Нарын шаардык советинин Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

1987–1991-жж. Нарын, Ысык-Көл облустарында Турмуш-тиричилик өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору, 1991–2007-жж. “Кыргызалтын” мамлекеттик концернге караштуу “Солтон-Сары” эксплуатациялык чалгындоо кен чыгаруучу мекемесинин начальнигинин орун басары, концерндин башкы адиси, “Нарынмунай ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунда башкы директор, 2008–2010-жж. «Жети-Өгүз» санаториясынын директору, 2011-жылдан “Кыргызстан” санаториясынын директору болуп иштеп келет.

Мектепте окуп жүргөндө алгачкы ырлары республикалык гезит-журналдарда жарыяланып, 1972–1973-жж. жаштардын «Учкун», 1975-жылы «Темир канат» альманахтарында бир топ ырлары, «Ала-Тоо» журналында ыр топтомдору жарык көргөн.

Анын ырларынын текстерине Кыргыз Республикасынын эл артисттери К.Тагаев, Ш.Өтөбаев, белгилүү обончулар А.Кыязов, К.Усуповдор обондорду чыгарышкан.

1974-жылы Республикалык чыгармачыл жаштардын көркөм өнөр фестивалынын лауреаты, Лениндик коммунисттик жаштар союзунун уюштуруу комитетинин дипломунун ээси болгон.

Тажрыйбалуу, мыкты өндүрүшчү катары Нарын шаарынын Эл депутаттар советинин беш жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.

2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери


Кыргыз тилинде

Сырдашым-жарык дүйнө: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980.

Мен терметкен ойлор: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 108 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]