Кадырова Асипа

Википедия дан

Кадырова Асипа - акын, жазуучу. Кемин районунун Советское айылында 1931-жылы 6-августта туулган. Токмок шаарынан 7-классты аяктап, 1946–1949-жж. педагогикалык окуу жайынан окуп, башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон. Кичи-Кеминде 15 жыл мугалимдик кесипте эмгектенген.

1963–1968-жж. В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүндө окуган.

А.Кадырова Мамлекеттик басма комитетинде улук редактор болуп 15 жыл иштеген. 1986-жылдан эмгек ардагери.

1979-жылы жолдошу Ш.Кызаевдин “Турмуш багыты” аттуу китебин түзүп, анда өзүнүн “Өрүлүк” жана “Адам болсоң ардуу бол” пьесалары жарык көргөн.

1978-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Намыс: Аңгемелер: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1978. – 60 б.

Элестүү күндөр. – Ф.: Мектеп, 1982. – 70 б.

Асылкан: Повесть. – Б.: Бийиктик, 2009. – 107 б.

Ырларым менен сырларым: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2009. – 48 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Роман Сеф. Алтын кылыч: Кенже балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1976. – 105 б.

Эфетов. Валдай жылаажындары: Повесть, тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1978. – 102 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]