Кадырова Рахат Мавлютовна

Википедия дан

Кадырова Рахат Мавлютовна (1949-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2005), Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1972), СССР Медицина Илимдер Академиясынын Педиатрия Илим Изилдөө институтунда аспирантураны (1977) бүтүргөн. 1997-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда ассистент, доцент Кыргыз Мамлекеттик Медицина Академиясында балдардын жугуштуу оорусу кафедрасынын башчысы. Педиатрия боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]