Мазмунга өтүү

Кадыров, Сатыбалды

Википедия дан

Кадыров, Сатыбалды (1940–1995) - сатирачы, акын. Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү Ничке-Сай кыштагында туулган. 1961-жылы Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктаган. Эмгек жолун Аксы районундагы Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классында мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы Өзгөн районундагы «Совет» орто мектебине мугалим болуп которулуп, андан кийин Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинде адабий кызматкер, Ош облустук телерадиокомитетинде редактор, Ош мамлекеттик пединститутунда окутуучу болуп иштеген. 1970-жылы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүрүп, 1985-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүндө адабий кеңешчи, Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген.

С.Кадыровдун адабий чыгармачылык жолу 1970-жылдардан баш-талып, анын сатиралары республикалык, облустук гезит, журналдарда жарыяланып турган. «Тикенек» аттуу алгачкы сатиралар жыйнагы 1979-жылы жарык көргөн.

С.Кадыров жаш акындардын республикалык фестивалынын (1977) лауреаты болгон жана 1985-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тикенек: Сатиралар. – Б.: 1979. – 32 б.

Шляпа: Сатиралар. – Б.: 1982. – 48 б.

Сарымсак саптары: Сатиралар. – Б.: 1986. – 92 б.

Кайчы: Атка минерлерге азил. – Ош, 1994. – 28 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]