Кадыров Ысмайыл

Википедия дан

Кадыров Ысмайыл (М.Жаныбек) – балдар акыны, жазуучу, журналист, котормочу жана энциклопедист. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында 1951-жылы 16-июлда туулган.

[1]

1968-жылы М. И. Калинин атындагы орто мектепти, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктап, 1983–1984-жылдары Москва шаарынын полиграфия институтунда дасыгын жогорулаткан. 1977–2000-жылдары Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор, 2000–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында референт, эксперт, сектор башчысы, 2019-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасында адис болуп иштеген. 2023-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунда башкы адис болуп эмгектенет. 2022-жылдан «Кыргыз тили» коомунун президентинин кеңешчиси. Мамлекеттик кызматтын1-класстагы кеңешчиси. 1998-жылдан Терминология комиссиясынын мүчөсү. 2021-жылдан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору. Алгачкы ырлары «Ленин» жана «Тоолор» деген ат менен 1969-жылы Ат-Башы райондук «Жеңиш жолу» гезитине, «Алгачкы таң тосуу» деген ыры 1972-жылы 4-июлда республикалык «Ленинчил жаш» гезитине басылган.

1979–2008-жылдары ырлары, аңгемелери, жомоктору, макалалары мезгилдүү басма сөз беттерине, «Учкун» альманахына жарыяланып, «Адеп», «Мекен таануу», «Эне тил», «Кыргыз тили», «Адабий окуу» жана башка китептерде пайдаланылган.

Тунгуч ырлар жыйнагы «Жаштар үнү» сериясында 1988-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн.

Кыргыз Совет Энциклопедиясы (4–6-томдору, 1979–1980), Советтик энциклопедиялык сөздүк (4-том, 1987), Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы (1989), Кыргыз жергеси (энциклопедия, 1990), Айыл чарба энциклопедиясы (1990), Математика (кыскача энциклопедия, 1991), Ден соолук (Медициналык энциклопедия, 1991), Бул ким. Ал эмне? (Балдар энциклопедиясы, 1992, 2-басылышы, 2000), Физика (Кыскача энциклопедия, 1994), Чүй облусу (1994), Ысык-Көл облусу (1995), Манас (Энциклопедия, 1, 2-том, 1995), Талас облусу (1995), Нарын облусу (1998), Кыргызстан (Энциклопедия, орусча, кыргызча, 2001), Физкультура жана спорт (Энциклопедия, 2002), Жалал-Абад облусу (2003), Кыргыз тарыхы (Энциклопедия, 2003), Кыргызстан географиясы (2004), Астрономия (Энциклопедиялык окуу куралы, 2004), Кыргызстан (Улуттук энциклопедия, 1-7-том, 2006–2015). энциклопедияларынын авторлорунун бири.

«Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан 1999, 2000-жылдары чыгарылган 2 томдук «Кыргыз поэзиясынын антологиясынын» редактору.

1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы берилген, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2021-жлы «Даңк» медалы менен сыйланган. 2016-жылдан Нарын облусунун Ардактуу атуулу.

1997-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги», 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү отличниги», 2011-жылы Маданияттын мыкты кызматкери, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгилери, «Кыргызстандын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн» КПФнын Ардак төш белгиси, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Педагогдор коомунун «Педагогиканын каарманы» медалы менен сыйланган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгынын, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты болгон. 2021-жылы «Кыргыз акын-жазуучулары» коомдук фондунун «Алтын калем» диплому менен сыйланган. 2021-жылы «Литературная Азия» эл аралык адабий конкурсунун жеңүүчүсү.

2004-жылы Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун «Көк асаба» диплому жана лауреаттык диплому менен сыйланган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили», 2020-жылы «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгилерине татыктуу болгон. 2011-жылы А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктын, 2021-жылы Г. Момунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

1980-жылдан СССР жана Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Айтматов клубунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият ишмерлери ассамблеясынын мүчөсү.

Айрым ырлары, аңгемелери орус, түрк тилдерине которулган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аскер иши боюнча терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. – Ф.: Илим басмасы, 1986. – 284 бет, 2-басылышы 2017, 364 бет (авторлош).

Түймө өнөрү: Маалымдама-популярдуу басылма. – Б.: Кыргызстан, 1987. – 56 бет.

Математика: Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. – Ф.: КСЭнин башкы редакциясы, 1-басылышы, 1989, 2003. – 208 бет (авторлош).

Түймө: Кесиптик-техникалык окуу жайлары үчүн окуу куралы. – Б.: «Кесип» басмасы, 1996. – 68 бет.

Түстөн чыккан түркүн сөз: Балдар үчүн ырлар. – Б.: «Салам» ЖЧК, 1998. – 72 бет.

Ойрон кыргыз, ойлон кыргыз: Ырлар. – Б.: «Салам» ЖЧК, 1998. – 64 бет.

Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор: Проза жыйнагы. – Б.: «Бийиктик» басмасы, 2002. – 68 бет.

Таблицалар: «Математика башталгыч мектепте», «Математика негизги жана орто мектепте», 160 плакат, «МОК» басма борбору, 2003 (авторлош)

Сандар санаты: Балдар үчүн ырлар. – Б.:«Кутаалам» ЖЧК, 2008. – 26 бет.

Кыргыздын Гиннесс китеби. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. – 216 бет.

Тамга сандык, сөз куржун: Балдар үчүн ырлар. – Б.: «Гүлчынар» ЖЧК, 2010. – 92 бет.

Төрт түлүк: Балдар үчүн ырлар. – Б.: «Гүлчынар» ЖЧК, 2010. – 56 бет.

Сатыбалды Нааматов: Көркөм публицистикалык баян. – Б.: Ж.И.Темирова, 2010. – 165 бет.

Математика боюнча маалымдама. – Б.:«Кутаалам» ЖЧК, 2012. – 144 бет.

Матай бий. – Б.:«Салам» басма үйү, 2012. – 196 бет.

Макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор. – Б.: «Бийиктик Плюс» басмасы, 2012. – 544 бет(авторлош).

Инновациялык терминдер жана түшүнүктөр сөздүгү. – Б.: 2012.

Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. – Б.: «Бийиктик Плюс» басмасы, 1-басылышы 2011 (206 бет), 2-басылышы 2014 (300 бет).

Дил мүрөк (ырлар, балдар ырлары, проза). – Б.:«Бийиктик Плюс» басмасы, 2015, 554 бет.

Өчпөс из калтыргандар (мектеп окуучулары жана студенттер үчүн энциклопедия. – Б.: «Бийиктик Плюс» басмасы, 2016, 312 бет.

Көп билгенге дилгирмин. Балдар ырлары. – Б.: «Турар» басмасы, 2018, 112 бет.

Сагымбайдын «Манасын» сактап калган Ыбырайым Абдырахманов.– Б.:«Салам» басма үйү, 2018. – 65 бет.

Меймандар үчүн кыргызча-орусча сүйлөшмө.– Б.: «Avrasya Press» басмаканасы, 2017. – 60 бет.

Кыргызстандын рекорддор (Гиннес) китеби.– Б.: ОсОО «Камилла принт» басмасы, 2019, 288 бет.

Жамгыр ырлар.– Б.: «ЧП Абыкеев А.Э.» жеке менчик басмасы. 2020, 150 бет.

Төрт түлүк. Балдар үчүн ырлар. – Б.: «Таалим форум» КФ, 2020, 68 бет.

Кыргыз Гиннесс китеби. Толукталып, оңдолуп 3-басылышы.– Б.: ОсОО «Камилла принт» басмасы, 2021, 323 бет.

Ат-Башы району. Энциклопедия.– Б.: «Махспринт» басмасы, 2021, 392 бет.

Математик - гиннесчи. – Б.: «Махспринт» басмасы, 2022, 314 бет.

USAIDдин «Окуу Керемет» долбоорунун алкагында 2021-жылы «Жандуу жаратылыш», «Ат чабыш», «Фигуралар», «Инженер деген ким», «Камгак менен коко тикен», «Кимиси коркок», «Санак ырлары», «Арууке китепке кандайча кызыгып калды», «Канча», «Тушоо той», «Дөө менен бөө» деген электрондук китептери https://kitep.edu.gov.kg/ru/cataljg/all_books_for_child/okuukeremet_kg(жеткиликсиз шилтеме) (In Ryrlyz) сайтына, бул китептер BLOOM Library эл аралык электрондук китепканага да жайгаштырылган.

Кыргыздын Гиннесс китеби же рекорддор, эң, эң... алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор жана башка тууралуу Жаныбек жыйнак. Үндүү китеп. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун жазуу кичи студиясында жазылган. Окуган Мааткеримова Т. Угуу мөөнөтү: 6 саат 10 мин., 2011.

«Тамга сандык, сөз куржун» деген китеби 2018-жылы OKUMA.KG электрондук китепканасына жүктөлгөн.

Ысмайыл Кадыров менен Жакыпбек Абдылдаевдин «Санактар» деген китебин Мерсико сайты Видео жомок катары чыгарган (2020).

Айрым чыгармалары, Гиннес китеби «Кыргызстандын жаңы адабияты» (Новая литература Кыргызстана) деген көп тилдүү электрондук китепканага (долбоордун автору, башкы редактору жана координатору О.Я.Бондаренко) жүктөлгөн.

«Рухэш" сайтынын электрондук китепканасына да (башкы редактору Олжобай Шакир) айрым аңгемелери, ырлары, публицисткалары, «Өчпөс из калтыргандар" деген китеби киргизилген.

«ФЛЕШМОБ - АНТОЛОГИЯ - 2022-1. Всемирный союз поэтов. «ФЛЕШМОБ Антология ПОЭЗИИ МИРА во всем мире» (первый выпуск, электронная книга, 2022). Сүрөтү, өмүр баяны, «Тынчтык болсун дүйнөдө» деген ыры кирген.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Першина Л.Ф., Петрова С.В. Тигүү өндүрүшүнүн технологиясы. – Б.: Кесип, 1995. – 514 бет.

Гриншпан И.Я. Жекече заказ боюнча эркектердин сырт кийимдерин конструкциялоо. – Б.: Кесип, 1995. – 330 бет.

Жой Маджесиз. Аялдар маселесин изилдөөлөр. – Б.: 2003. – 266 бет.

В.М.Плоских. Биздин Кыргызстан. Популярдуу тарыхый энциклопедия. – Б.: «Сорос-Кыргызстан» фонду, 2004. – 222 бет.

Гендерлик изилдөөлөрдүн негизги курсуна хрестоматия. – Б.: 2004. – 324 бет.

Коллектив. Мен, мектеп парламенти, коом. – Б.: 2006. – 86 бет.

Күмүш жомоктор (Америка жана Австрия элдеринин айбанаттар жөнүндө жомоктору жана мифтери) .– Б.:«Кутаалам» ЖЧК, 2009. – 141 бет.

Күмүш жомоктор (Европа жана орус элдеринин айбанаттар жөнүндө жомоктору ) .– Б.:«Кутаалам» ЖЧК, 2009. – 142 бет.

Балдар энциклопедиясы. Раритет. Б. 2012, ж.б.


Үй-бүлөсү

Жубайы Шарипа педагог, уул-кыздары Эрлан мамлекеттик кызматкер, Марал - педагог, Лазат - медстатист.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]