Кадыр кызы Жумабүбү

Википедия дан

Кадыр кызы Жумабүбү — шырдакчы жана бычмачы-тикмечи. 1924Ак-Талаа районундагы Саз айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. 1941-жылдан эсепчи,дүкөнчү болгон. Керрек-Жарак союзунда, МЖСте, турмуш-тиричилик комбинатында эмгектенген. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү.
Анын салттуулукту аркалап кармаган кийиз буюмдарында “мүйүз оюму” узчулугунун негизи болот да жиксиз жалпылай берилген көркөм каражаттарында “араа тиштен” турган “аламчы” ортолук (борбордук) оюму менен жээк (четтик)оюмунун араларын аттын кашкасындай ачып, төрт “мүйүз оюмун” үстүнөн төрт “карга тырмак оюмун” шарттуу түрдө чыгарып, жашыл-кызыл түстүү арбын алып, жашыл шырдакты пайда кылат. Мындан жээк (четтик)оюм “жарым кыялоюмдалып”,ага уз көк-кызылды өңдөштүрүшөт. Жумабүбүнүн элдик кийим-кечектерди бычып-тигүүдө чеберлиги көбүнчө тебетейден, элечектен, беш белден, белдемчиден, кементайдан баамдалат да, анын айрымдарына шарттуу түрдө сайма көчөттөрүн илме сайма (шибеге сайма) аркылуу түшүрөт. Катышкан көргөзмөлөрү,кароо-сынактары жана алган сыйлыктары
1990-ж. “Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү”. Баш кийимдери менен катышкан.