Кадыр уулу Чоңмурун

Википедия дан

Кадыр уулу Чоңмурун (1870, Токтогул району - 1946, ошол эле жер) - комузчу, уста, Токтогулдун шакирти.

Ал аймакта «Сологой комузчу Чоңмурун» деген ат менен белгилүү болгон. Токтогулдун «Камбаркан», «Сары барпы», «Армандуу чымчык», Айдараалынын «Көйрөң күү», «Айкүмүштүн такылет», Атайдын «Саадак какты», «Ак тамак, көк тамак» ж. б. күүлөрүн бирде оң, бирде сол колу менен черткен куудул комузчу да болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.