Кажырты (Көкжерти) капчыгайы

Википедия дан

Кажырты (Көкжерти) капчыгайыИчки Теңир-Тоодо, Ителги-Уя, Ача-Таш, Кыр-Коо тоолорун кесип өтөт. Нарын, Ак-Талаа райондорунун аймагында. Капчыгай аркылуу Соң-Көлдөн башталган Кажырты суусу агат. Узундугу 45 км, эң жазы жери 1 км (Нарын ойдуңуна чыга берген жерде), кууш жери 200-300 м. Таманы деңиз деңгээлинен 1900-2700 м бийикте жайгашкан. Капталдары негизинен тик, кууш капчыгай сымал. Карбондун сланец, кумдук, конгломерат тектеринен турат. Капчыгай суусунун жемиришинен пайда болгон. Жаратылышы кооз, экологиясы таза. Кара-Тал Жапырык коругу жайгашкан. Бетегелүү талаа жана калың карагай-бадал өскөн шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]